VII Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2028-жылы Татарстанда өтөт

Президент Садыр Жапаров VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий ачылыш аземинде Россия 2028-жылы VII Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын Татарстанда өткөрүүгө даяр экенин билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстанга Россиядан бул эл аралык иш-чараны Татарстанда өткөрүүгө даяр экендиги тууралуу расмий кат келген.
«Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Россия Федерациясынан 2028-жылы VII Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын Татарстанда өткөрүүгө даяр экендиги тууралуу расмий кат келгенин билдиргим келет. Бул үчүн Россиянын жетекчиси Владимир Путинге ыраазычылык билдирем. Кыргызстан бул эл аралык иш-чараны жогорку деңгээлде өткөрүүдө орус тарапка ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр жана көрсөтөт», — деди Садыр Жапаров.
Белгилей кетсек, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанда 31-августтан 6-сентябрга чейин өтүүдө.



