Коом

ВИДЕО: Милиция кызматкерлери Бостери айылынан жоголгон 3 жашар кызды таап, ата-энесине кайтарып беришти

Эки сааттык издөө иштеринен улам, Бостери айылында жоголгон 3 жашар кыз, Бостери айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан ийгиликтүү табылды.

Ысык-Көл РИИБдин Бостери айылдык милиция бөлүмчөсүнүн нөөмөт кызматына Чүй облусунан келген эс алуучу кайрылган. Анын айтымында, жубайы 3 жашар кызы менен дүкөнгө барып, ал жерден кызын жоготуп, таппай калган. Өздөрүнүн издөөсү натыйжа берген эмес.

Жоголгон кызды тез аранын ичинде табуу үчүн айылдык милиция бөлүмчөсүнүн өздүк курамы тартылган. Издөө иштери көп кабаттуу үйлөрдө, жеке секторлордо, эс-алуу бактарында жана пляждык аймактарда уюштурулган.

Эки сааттык издөө иштеринин натыйжасында, жоголгон кыз табылып, ата-энесине кайтарылып берилди, — деп айтылат Ысык-Көл ОИИБ билдирген маалыматта.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button