УКМК: Камчыбек Ташиев блогер А.В. Разгоняевди кабыл алды — ФОТО

Бүгүн, 2023-жылдын 17-августунда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы генерал-лейтенант Камчыбек Ташиев интернет тармактарындагы блогер Разгоняев Анатолий Валерьевичти кабыл алды. Бул тууралуу УКМКнын Басма сөз борборунан билдиришти.
Камчыбек Ташиев Анатолий Разгоняевдин Кыргызстанда кыргыз тилин өнүктүрүүгө кошуп жаткан салымын жогору баалаарын белгилеп, патриоттук духта блогердик ишмердигин улантылышы керектигин айтты. Көп улуттуу Кыргыз Республикасынын ар бир жараны, кайсыл улуттун өкүлү экендигине карабастан Кыргызстанды чын дилден сүйүүгө, анын ар тараптуу өнүгүшүнө жардам берүүсү керектигин, бул багытта блогер Анатолий Разгоняев сыяктуу жарандардан үлгү алууга болоорун кошумчалады.
Камчыбек Ташиев блогер Разгоняевге белек катары колуна камчы карматып, башына ак калпак кийгизди.
Эскерте кетсек Разгоняев А.В tolik_kyrgyz1 аталышындагы тик-ток тиркемесинде кыргыз тилинде ишмердүүлүк алып барат.





