Коом

Рамзан Кадыровду сындаган чечен активисти Мансур Мовлаев Кыргызстанда кармалганы айтылды

20-августта 27 жаштагы чечен активисти Мансур Мовлаев «Манас» аэропортунан кармалганын укук коргоочу Төлөкан Исмаилова социалдык түйүндөрдө билдирди.

Анын айтымында, ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Мовлаев Чеченстандын президенти Рамзан Кадыровду сынга алган. Чечен оппозициясынын коомчулугунун айтымында, Мовлаев Чеченстандагы адам укуктарынын бузулушуна жана саясий репрессияларга каршы чыккан. Активист өз билдирүүлөрүндө жана басылмаларында сөз эркиндигинин бузулушу, күч түзүмдөрүнүн өзүм билемдиги жана аймактагы башка көйгөйлөр боюнча суроолорду көтөргөн.

2020-жылы ал 3 жылга эркинен ажыратылган. Оппозициянын айтымында, бул иш ойдон чыгарылган. 2022-жылы шарттуу түрдө бошотулуп, бирок Шали райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан кармалган. Ал жигит Орусиядан качып кетүүгө үлгүрүп, федералдык издөөгө алынган. 

Азырынча Кыргызстандын күч түзүмдөрү окуя боюнча маалымат берише элек.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button