Коом
Мамлекеттик матрезервдер фонду 13 миң тоннадан ашык буудай сатып алды

Мамлекеттик материалдык резервдер фонду 13 миң тоннадан ашык буудай сатып алды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, сатып алынган буудайдын сапаттуулугу үчүнчү класстан, ал эми илешкектиги (клейковинасы) 23%дан кем эмес.
Белгиленгендей, Мамлекеттик матрезервдер фонду тарабынан буудай сатып алуу иштери уланууда.



