УКМК: Коомчулукту массалык башаламандыкка чакырган жаран кармалды
УКМК өзүнүн түз милдеттерине ылайык интернет чөлкөмүнө дайыма мониторинг жүргүзүп, коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштырууга багытталган мыйзамсыз аракеттерди аныктап жана алдын алып турат.
Ушундай иштердин негизинде, «Facebook», «TikTok» жана «YouTube» соцтармактарындагы баракчаларына бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына баш ийбөөгө жана массалык башаламандык жасоого чакырган провокациялык билдирүүлөрүн жарыялап келген Э.О. аттуу жаранды аныктаган. Бул тууралуу УКМКнын Басма сөз кызматынан билдирди.
Иликтөөлөрдүн жүрүшүндө аталган жарандын билдирүүлөрүндө массалык башаламандык жасоого, бийликти күч менен басып алууга жана конституциялык түзүмдү өзгөртүүгө чакырык бардыгы тууралуу эксперттик корутунду алынган.
Жыйынтыгында, козголгон кылмыш ишинин алкагында Э.О.го КР Кылмыш жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү боюнча (бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына баш ийбөөгө жана массалык башаламандык жасоого чакырык) айып тагылган. Ал УКМКнын абагына киргизилди.
УКМК соцтармактардын активдүү колдонуучулары баарлашуунун этикалык нормаларын сактоосу керек деп эсептейт. Ошондой эле жалган жана провокациялык маалыматтарды жарыялоодон алыс болууга чакырат, — деп айтылат маалыматта.



