Коом

ВИДЕО: Ысык-Көлдө милиция кызматкерлери аз камсыз үй-бүлөлөргө жардам беришти

Жаңы окуу жылынын алдында Ысык-Көл облустук ички иштер органдарынын балдар иштери боюнча инспекциясынын инспекторлору жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү менен бирдикте «Камкордук» аталышындагы алдын алуу иш-чарасын өткөрүүдө.

Аталган иш-чара аз камсыз болгон жана көп балалуу үй-бүлөлөрдө тарбияланып жаткан балдардын шарттарын аныктоого жана өз убагында жардам көрсөтүүгө, ошондой эле жаш өспүрүмдөрдүн кароосуз калуусун жана укук бузууларын алдын алуу органдары менен мекемелеринин ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү ресурстарын максималдуу мобилизациялоого багытталган.

Иш-чаранын алкагында Балыкчы шаардык ички иштер бөлүмүнүн балдар иштери боюнча инспекциясынын инспекторлору он жылдан ашык төшөктө жаткан майып адамдын үйүндө болушту. Жалгыз бой эркектин тарбиясында мектеп жашындагы эки жаш өспүрүм тарбияланып келүүдө.

Милиция кызматкерлери балдарга окуу үчүн зарыл болгон окуу куралдарын жана канцелярдык комплекттерди, ошондой эле тамак-аш азыктарын тапшырышты. Жолугушуунун жүрүшүндө милиционерлер көчөдө, коомдук жайларда жүрүм-турум эрежелерин эскертип, социалдык тармактарда жана Интернет түйүндөрүндө баарлашууда коопсуздукту унутпаш керектигин эскертишти. Ошондой эле, алар балдарга жаңы окуу жылында жакшы бааларды жана ачык маанай каалашты.

Өз кезегинде балдар мейманларга белектери үчүн ыраазычылык билдиришти, — деп айтылат Ысык-Көл ОИИБдин  маалыматында.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button