Коом

Мамлекеттик адвокаттардын гонорары 1-октябрдан тарта эки эсе көбөйөт

Үстүбүздөгү жылдын 1-октябрынан тартып мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасынын алкагында адвокаттар тарабынан көрсөтүлгөн квалификациялуу юридикалык жардамга акы төлөөнүн тарифи дээрлик эки эсеге көбөйөт. Бул тууралуу Юстиция министрлиги билдирди.

Мисалы, адвокат кылмыш-жаза иши боюнча шектелген адамды кармоо учурунан баштап сотко чейин коштоо үчүн 15 миң сом акы алып келген, эми ага 30-35 миң сом гонорар берилет.

«Бүгүнкү күндө аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөгү жарандарды акысыз адвокат менен камсыздоо мамлекеттин эсебинен жүргүзүлүүдө. Мамлекеттик реестрде жалпы 3 769 адвокат катталган, анын ичинен 441 жактоочу мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасы менен иштейт», — деп айтылат маалыматта.

Жаңы кабыл алынган токтомдун негизги максаты:

мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасына тажрыйбалуу, компетенттүү жаңы муундагы адвокаттарды ишке тартуу;

алыскы региондорго жашаган калктын аялуу катмары үчүн квалификациялуу юридикалык жардамдын жеткиликтүүлүгүн камсыздоо;

юридикалык жардамдын сапатын жогорулатуу, жарандардын сот адилеттигине жетүү укуктарын ишке ашыруу, адилеттүү соттук териштирүүнү камсыздоо;

мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасынын адвокаттарынын жоопкерчилигин күчөтүү.

Президент Садыр Жапаров эмгек акыларды жогорулатуу боюнча адвокаттардын II съездинде тапшырма бергени белгиленди.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button