Коом

Жаш балдар жана аялдар да бар. Кыргызстанда канча адам алкоголго жана баңгизатка көз каранды экени айтылды

Республикалык психиатрия жана наркология борборунда алкоголдон көз каранды болгон 34 258 адам расмий каттоодо турат. Ал эми баңгизаттан көз каранды 8226 адам катталса, алардын 474ү аялдар,10у жашы жете элек балдар. Бул тууралуу бүгүн, 9-июнь күнү “Өмүрлөрдү коргогула. Баңгизатка байланышкан фактылар менен бөлүшкүлө” аталышындагы пресс-ланчта аталган борбордун дарыгери Салтанат Омурдинова билдирди.

“Биздин борборго жашыруун кайрылгандар да бар. Алар каттоодон өтпөгөнү үчүн жогоруда айтылган эсепке кирбейт. Республикалык психиатрия жана наркология борбору баңгизаттан, алкоголдук ичимдиктен көз каранды болгон жарандарга кеп-кеңеш, дарылоо, медициналык-психологиялык тестирлөө, уулансыздандыруу багытында жардам көрсөтүп келет. Баңгизаттан же алкоголдук ичимдиктен көз каранды болгондор борборго аз кайрылганы үчүн биз бул жаатта бир катар иш-чараларды уюштуруп келебиз. 24-июнь — Баңгизат менен күрөшүүнүн эл аралык күнүнө карата кезектеги ири маалыматтык иш-чара уюштурганы жатабыз. Бишкек шаарында жайгашкан Ынтымак сейил багынан каалоочуларды күтөбүз”, дейт борбордун дарыгери.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button