УКМК:«Хизб-ут-Тахрир аль-Ислами» жана «Жабхат ан-Нусра» диний-экстремисттик уюмунун мүчөлүгүнөн баш тарткандар — ВИДЕО

КР УКМК тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагында тыюу салынган террористтик жана диний-экстремисттик уюмдардын активдүү мүчөлөрүн аныктоо боюнча иштер улантылууда.
Бул багытта «Хизб-ут-Тахрир аль-Ислами» эл аралык террористтик уюмунун жана «Жабхат ан-Нусра» диний-экстремисттик уюмунун активдүү мүчөлөрүнө алар үчүн алдын алуу иш-чаралары көрүлгөн.
Буга байланыштуу, ушул жылдын 16-августунда Кыргыз Республикасынын жарандары «К.Х.Н.», «Р.К.Р», «М.Ф.М.» «ХТИ» «Хизб-ут-Тахрир аль-Ислами» эл аралык террористтик уюмунун жана «Жабхат ан-Нусра» диний-экстремисттик уюмунун мүчоүнө, тыюу салынган идеологиядан баш тартуусу туралуу түшүндүрүү жана алдын алуу чаралары көрүлгөн.
Бул иш-чаралардын жүрүшүндө белгиленген адамдар аталган уюмдардын радикалдык-экстремисттик жана террористтик идеологиясынын зыяндуулугун толук түшүнүп, өз ыктыяры менен мүчөлүктөн баш тартышкан, — деп билдирди УКМКнын Басма сөз борборунан.



