Коом

Мэр Айбек Джунушалиев ипотекага алынган батирде жашайт

Бул тууралуу ал Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын (УТРК) эфиринде билдирди.

Анын айтымында, ал Токмок шаарында төрөлүп, ошол жерде чоңойгон жана көп жылдар бою туулган шаарында жашаган. Мамлекеттик кызматтагы алгачкы жылдарында Бишкекке Токмоктон каттап иштеген. Кийин Кант шаарына көчүп барган. 2021-жылы Бишкек шаарынын мэри болуп дайындалганда да Канттан жумушка каттап жүргөн.

Жунушалиев бир кызыктуу окуяны эстеди. Анын айтымында, бир жолу ишемби күнү өткөн жумушчу кеңешмеге кечигип калган. Мэр жетекчиликке Канттан келгенин түшүндүргөн. Бул анын айланасындагыларды таң калтырган.

«Сен Бишкектин мэри болуп туруп, Канттан жумушка каттайсыңбы?» — деп таң калышкан.

Ошондон кийин жетекчиликтин чечими менен ага Бишкектен кызматтык батир бөлүнүп берилген.

«Мэрлик кызматтан кетип, президенттин администрациясына өткөндөн кийин да ошол кызматтык батирде жашап калдым. Мага батирди бошотуу талабы коюлган эмес. Жакында бул батирди ипотека аркылуу берүү жөнүндө чечим чыкты. Менин билишимче, мурда бул батир конфискацияланып, мамлекеттин балансына өткөн экен. Азыр болсо ал ипотека аркылуу менин менчигимде», — деди шаар башчысы.

Ал тааныштары анын мындай абалына бир нече жолу таң калганын да кошумчалады. Анткени Бишкектин мэри болуп турганда каалаган курулуш компаниясынан батир алууга мүмкүнчүлүгү болмок. Бирок Жунушалиев мындай ыкмаларга каршы экенин белгиледи.

Тектеш кабарлар

Back to top button