Коом
Депутат интимдик сүрөт, видео тараткандарга ири суммада айып салууну сунуштады

Арсланбек Эгембердиев мындай оюн ЖМК жана соцтармактардагы жалган жалаа жана мазактоо үчүн айып салуу мыйзамын талкуулоодо билдирди.
“Мунун жазасын күчөтүш керек. Жеке жашоосуна киришип, интимдик сүрөт, видеолорун чыгарса, адамдар муну башкача кабыл алат да. Бул ажырашууга, өзүнүн өмүрүнө кол салууга алып келиши мүмкүн. Ошондуктан муну өзүнчө карап чыгышыбыз керек”, — деди эл өкүлү.



