Окуялар

7 жаштагы баланы койдуруп, качып кеткен 66 жаштагы айдоочу кармалды

6-октябрь күнү 18:30да Ош шаарындагы Курманжан-Датка көчөсүндө 7 жаштагы баланы унаасы менен койдуруп кеткен 66 жаштагы айдоочу кармалды.

Айдоочунун жүргөн жерин  Милициянын кайгуул кызматынын издөө бөлүмчөсүнүн кызматкерлери аныктап, кармап, ишти Ош ШИИБдин тергөө бөлүмүнө өткөрүп беришкен.

Ош облустук бириккен клиникалык балдар ооруканасынын дарыгери «102» кызматына кабарлап, 6-октябрь күнү Курманжан-Датка көчөсүндө жол кырсыгы болуп, 2015-жылы туулган бала денесинен жараат алгандыгын билдирген.

Текшерүү иштеринин жүрүшүндө кшкл жылдын 6-октябрь күнү болжол менен саат 18:30 чамасында Ош шаарынын Курманжан-Датка көчөсүнүн аталган көчөдөгү үйлөрдүн биринин тургуну 2015-жылы туулган Р.Э.ни аталган көчөнүн күн батыш багытын көздөй бара жаткан «Мерседес-Бенц» унаасы койдуруп, окуя болгон жерден изин жашырып кеткен. Натыйжада, денесинен жараат алган Р.Э. Ош облустук бириккен клиникалык балдар ооруканасына жаткырылган.

Бул факты боюнча Ош ШИИБдин милциянын кайгуул кызматынын издөө бөлүмчөсү автоунаанын жүргөн жерин аныктап, таап, тергөө кызматына өткөрүп берген, — деп билдирди Ош ШИИБ боюнча МККБнын Басма сөз кызматы.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button