Окуялар
Оштогу ат майданда чагымчылык жасады делген 25 адам кармалды

Эми алардын коомдук тартипти бузгандыгы аныкталса, жоопкерчиликке тартыларын облустук милиция маалымдады. Учурда тактоо иштери жүрүп жатат.
Кечээ Ошто өткөн көк бөрү оюнунда «Достук» командасы жеңилип калгандан кийин башаламандык башталып кеткен. Натыйжада 7 адам медиктерге кайрылган. Ошондой эле бир Тез жардам автоунаасынын айнеги талкаланган.


