Коом
Өлкөдө аракка эң төмөнкү баа коюлушу мүмкүн

Өкмөт ата мекендик өндүрүштөгү аракка эң төмөнкү баа коюуну сунуштап жатат. Долбоор ишке ашып калса, кийинки жылдан тарта жарым литр арактын дүң баасы 156 сом, ал эми чекене сатканда 158 сом болушу мүмкүн. Мунун баары бааны жөнгө салуу ниетинде жасалууда.
Экономика министрлиги азыр контрафактылык арактын жарым литри 120 сомдон сатылып жатканын айтат. Мындан улам бюджетке миллиарддаган сомдор түшпөй, ал эми калк сапатсыз арак ичип жатат.



