УКМК: Кыргызстандан алтын буюмдарын алып чыккан аткезчилер менен бирге «Манас» аэропортунун кызматкерлери кармалышты — ВИДЕО

Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын алкагында, өлкөнүн чегинен чыгуучу кылмыштуу топторду аныктоо боюнча коррупциялык схемаларды жоюу туралуу иш-чаралар жүргүзүлүп, көмүскө каржы ресурстарын мыйзамсыз жүгүртүүгө жана адалдоого багытталган, алтын буюмдарын Индияга системалуу түрдө контрабандалык жол менен ташуу боюнча маалыматтар алынган.
2023-жылдын 3-сентябрында саат 08:40 чамасында “Манас” эл аралык аэропортунан, Кыргыз Республикасынын жараны К.Н. менен Кыргыз Республикасынан Индияга стерилдүү зонада учууга аракет кылган учурунда, жалпы салмагы 3 килограмм 985 граммды түзгөн 6 даана сары түстөгү катуу материал буюмдары табылган. Белгилей кетсек, аталган алтын буюмдар боюнча расмий документтер болгон эмес.

Жогорудагы фактылар боюнча КР УКМК тарабынан кылмыш иш козголуп, анын алкагында айрым жарандар КР УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди.
Тактап айтканда, “Манас” эл аралык аэропортунун авиациялык коопсуздук кызматынын 2 кызматкери, ошондой эле жогорудагы коррупциялык схемага тиешеси бар 2 жаран кармалган.
Тергөө иштери жүрүп жатат, — деп билдирди УКМКнын Басма сөз кызматынан.




