Бишкекте эркек киши 22 жаштагы жигиттин жаагын сындыра сабады

Окуя 13-августта Жал кичирайонунда болгон. Милиция видеодогу эркек кишинин өздүгүн аныктоо иштери жүрүп жатканын билдирди.
Сабалган жигиттин тууганы Kaktus.media’га билдиргендей, Рустам (аты өзгөртүлдү) телефон аркылуу гамбургер буйрутма кылып, аны алып кетүү үчүн тез татымга барган.
«Рустам тез татымга кирип, эч кимге тийишпей касса жакка өтүп барган. Ал жерде эркек менен аял туруптур. Экөө урушуп жатыптыр. Рустам муздаткычтан суу алайын деп ал кишиге жылып коюусун суранган. Андан кийин касса жакка кайрылып, акчасын төлөп кетейин деген. Ошол учурда жанагы эркек ага кол салган. Ал аны уруп, көчөгө сүйрөп чыккан», — дейт ал.
Жигиттин тууганынын айтымында, Рустамды сабаган киши УКМКда иштейм деп эч кимден коркпой турганын айткан.
Сабалган жигиттин жаагы сынып, учурда ооруканада жатат.



