«Түндүк» аркылуу айдоочулук күбөлүктү алмаштырса болот

Кыргызстанда улуттук айдоочулук күбөлүктү алмаштыруу Мамлекеттик электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталы «Түндүк» мобилдик тиркемеси же башка санариптик инструменттер аркылуу да жүргүзүлөт. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин 2025-жылдын 24-сентябрындагы № 610 токтому чыккан.
Айдоочулук күбөлүктү алмаштыруу үчүн онлайн сервистеги бирдиктүү идентификациялоо системасында идентификациялоо процедурасынан өтүү керек. Ал жерден медициналык күбөлөндүрүүдөн өткөндүгүн тастыктаган электрондук документ (наркологиялык текшерүү, психикалык ден соолугун аныктоо, көрүүсүн текшерүү) талап кылынат.
Улуттук айдоочулук күбөлүктү онлайн алуу үчүн:
— фотоидентификациядан өтүү;
— онлайн-арыз берүү;
— арыз берүүдө «Айдоочулук күбөлүктү алмаштыруу» же «Жоголгон учурда айдоочулук күбөлүктү калыбына келтирүү» кызматын тандоо;
— почта байланышы аркылуу айдоочулук күбөлүктү жеткирүү дарегин көрсөтүү (зарыл болгон учурда);
— фотоидентификация процедурасынан өтүү;
— айдоочулук күбөлүктү алмаштыруу жана алуу үчүн кызмат акысын төлөө. Төлөм QRкод аркылуу жүргүзүлөт.
Улуттук айдоочулук күбөлүктү даярдоо мөөнөтү арыз берилген күндөн тартып 1-2 жумушчу күнгө чейин созулат. Талапкер арызды кароо статусун «Түндүк» мобилдик тиркемесиндеги жеке кабинети аркылуу көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүгү бар.
Жаңы үлгүдөгү улуттук айдоочулук күбөлүктү ээси өзү көрсөткөн даректен почта аркылуу же ыйгарым укуктуу органдын бөлүмдөрүнүн биринен алат.
Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күндөн кийин күчүнө кирет.



