Коом
Ошто 2 ай мурун тыйын жутуп алган наристеге операция жасалды

Дарыгерлердин айтымында, 2 жашар кыздын кызыл өңгөчүнө жабышкан бөтөн зат 2 ай бою билинген эмес. Кээде гана жөтөлүп койчу. Операция кылууга Бишкекке жөнөтүшмөк, бирок Оштун дарыгерлери оор тапшырманы аткара алышкан.
Учурда баланын абалы жакшы.




