Кышка даярдык! Камбар-Ата-2 ГЭСинде оңдоо иштери жүрүүдө

Күз-кыш мезгилине даярдык көрүү максатында Камбар-Ата-2 ГЭСинде учурдагы оңдоо жана көмөкчү жабдууларды тейлөө иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө 110 кВ тышкы бөлүштүргүчтөгү ВЛ-110-Токтогул автоматтык өчүргүчтөрүн жыл сайын оңдоонун графигине ылайык учурдагы оңдоо иштери аткарылууда.
Ошондой эле Камбар-Ата-2 ГЭСинде оңдоо графигине ылайык, ВЛ-110-Токтогул, ЛР-ВЛ-110-ТОКТОГУЛ, ЛР-ВЛ-110-ТОКТОГУЛ, ВЧ- Заградитель ВЛ-110-Токтогул байланыштарында оңдоо иштери уланууда.
Ошентип, 2023-2024-жылдардын күз-кыш мезгилинин алкагында электр кыймылдаткычын жана No 1 компенсатордук насосту ремонттоо аяктады.
Маалым болгондой, «Электр станциялары» ААК ишканасынын филиалдарында бардык оңдоо иштери мурда бекитилген графиктерге ылайык жүрүп жатат.



