Коом

Садыр Жапаров иш сапары менен Душанбеге учуп кетти — коштоп кеткендер

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 14-сентябрда Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын Бешинчи консультативтик жолугушуусуна катышуу үчүн Душанбе шаарына учуп кетти. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Кыргызстандын расмий делегациясынын курамында:

  • министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев;
  • тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;
  • президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;
  • Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси Эрлан Абдылдаев;
  • энергетика министриТаалайбек Ибраев.

Белгилей кетсек, Сспардын алкагында Садыр Жапаров Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button