Коом

Ошто коррупция менен күрөшүү боюнча профилактикалык иштер күчөтүлөт

Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, шаардык прокуратуранын өкүлдөрү, жогорку жана орто окуу жайлардын жетекчилери менен билим берүү тармагындагы коррупцияга каршы күрөшүү боюнча жумушчу кеңешмесин өткөрдү.

Мэриядан билдиришкендей, жыйында 14-35 жаштагы жарандар арасында “Баардыгы коррупцияга каршы!” аталышындагы эл аралык сынак тууралуу сөз болду.

Ошондой эле ар бир билим берүү мекемесинде коррупцияга каршы иш-чараларды уюштуруу, жолугушууларды өткөрүү боюнча сүйлөшүлүп, бул багытта аткарылып жаткан иштер жөнүндө маалыматты жеткирүү боюнча тапшырмалар берилди.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button