Коом

Садыр Жапаров Нью-Йоркко барат

Өлкө башчы БУУнун Башкы Ассамблеясынын 78-сессиясынын Жогорку деңгээлдеги жумалыгынын иш-чараларына катышуу үчүн АКШга иш сапар менен барарын администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

Сапар 17-21-сентябрга белгиленген: 

Жапаров БУУнун Туруктуу өнүгүү максаттары саммитинин лидерлеринин диалогуна катышат.

БУУнун Башкы ассамблеясынын жалпы дебаттарынын биринчи күнүндө сөз сүйлөйт.

Борбор Азия мамлекет башчыларынын жана АКШ президенти Жо Байдендин биринчи саммитине катышат.

БУУнун Башкы Ассамблеясынын алкагында мамлекет башчысынын БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш, БУУнун Өнүктүрүү программасынын администратору Аким Штайнер, бир катар чет мамлекеттердин жана эл аралык каржы институттарынын башчылары менен жолугушуулары болот.

Кыргыз-америка бизнес форумунда сөз сүйлөйт.

@user2

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button