Коом

«Рейдерлик басып алуу болгон эмес». Мыйзамсыз иштерге аралашкандардын лицензиясы алынганы айтылды — ВИДЕО

Бүгүн, 21-сентябрда Амантур Акматов аттуу жаран фейсбук социалдык байланыш тармагы аркылуу кайрылуу жасап, анда, 2008-жылдан бери “Фиос” ЖЧКсы ээлик кылган Хайдеркен кендеги калдык сакталган жериндеги лицензиясы жокко чыгарылганын айткан.

Жокко чыгарылган лицензияны – Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев аралашып, рейдерлик жол менен тартып алды деп айыптаган.

Эч ким тартып алган эмес, мыйзамга жана эрежелерге каршы иш жүргүзгөнү үчүн анын лицензиясы жокко чыгарылып, мамлекетке кайтарылганын Президенттин Басма сөз кызматынан башчысы Дайырбек Орунбеков социалдык тармак аркылуу жооп берди.

Каныбек Туманбаев дагы  мындай айыптоолорго ачык жооп берип, эч кандай мыйзамсыз аракеттерге барбаганын, айтылып жаткан маалыматтар чындыкка дал келбегенин жана каралоо экенин билдирди.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөлдөө министрлигинин Кыргыз геология кызматынынын директорунун орун басары Марат Жусупбеков жокко чыгарылган лицензия тууралуу себептерин түшүндүрдү.

-Амантур Акматов айтып жаткан маалыматтар чындыкка дал келбейт. Кен байлыктын калдыктарын кайра иштетип, цемент чыгарууга лицензия 2008-жылы “Фиос” компаниясына берилген. Ошол убакыттан ушул күнгө чейин эч кандай казуу иштерин жүргүзүшкөн эмес. Лицензиясынын жокко чыгарылышы – өздөрүнүн мыйзамсыз иш жүргүзгөнүнө байланыштуу болгон. Алар, мыйзамда каралган эрежелерди бир нече жолу бузушкан. Мисалы, кен байлыктын калдыктарын кайра иштетүүгө мамлекет тарабынан уруксат берилиши керек. Мындан тышкары геологиялык чалгындоо иштерине техникалык проект түзүшү шарт. Бул компания уруксат кагаздарын албай, техникалык проектиси жок туруп геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүшкөн. Бул лицензияны жокко чыгарууга толук негиз болот. Жер казынасы жөнүндөгү мыйзамдын 26-беренесинде так көрсөтүлгөн. Ошол себептүү “Фиос” ЖЧКсынын лицензиясы жокко чыгарылып, аталган кен байлыктын калдыктары учурда мамлекетке кайтарылды. Эч ким рейдерлик жол менен тартып алган жок. Учурда бир дагы жеке компанияга лицензия бериле элек, — деди.

Президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев да бул тууралуу иштин чоо жайын айтып берди.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button