Дүйнө

Кытайда мурдагы эки коргоо министрине өлүм жазасы берилди

Кытайда куралдуу күчтөрдөгү тазалоо иштери уланып жаткан учурда мурдагы эки коргоо министрине коррупция үчүн күтүүсүздөн шарттуу өлүм жазасы берилди. Бул тууралуу CNN маалымдады.

Мамлекеттик ЖМКлардын билдиришинче, Вэй Фэнхэ жана Ли Шанфу аскердик сот тарабынан пара берүү боюнча күнөөлүү деп табылып, эки жылдык мөөнөт менен өлүм жазасына өкүм кылынган. Соттун чечимине ылайык, эки жылдан кийин бул өкүм шарттуу бошотуу мүмкүнчүлүгү жок өмүр бою түрмө жазасына алмаштырылат.

72 жаштагы Вэй 2018-жылдан 2023-жылга чейин коргоо министри болуп иштеген. 68 жаштагы Ли аны алмаштырып, бул кызматта 2023-жылы сегиз айга жетпеген убакыт гана иштеген. Ошол эле жылы экөө тең армиянын коррупцияга каршы органы тарабынан жоопко тартылган.

Си Цзиньпин баштаган кадрдык өзгөрүүлөр Кытайдын Элдик-боштондук армиясынын чоң бөлүгүнө таасирин тийгизди. Маалыматка ылайык, 2022-жылдан бери 100дөн ашуун офицер кызматтан четтетилиши мүмкүн.

CNN белгилегендей, бул чаралар Си Цзиньпиндин армияны тазалоо боюнча көп жылдан бери жүрүп жаткан өнөктүгүнүн алкагында жүргүзүлүүдө.

Эске салсак, 2025-жылдын сентябрында Кытайдын мурдагы айыл чарба министри да пара алгандыгы үчүн өлүм жазасына кесилген.

Тектеш кабарлар

Back to top button