Коом

Өзбекстанда 71 бала уулангандан кийин антиструминди (калий йодиди) пайдаланууга убактылуу тыюу салышты

Бөбөктөрдүн эти ысып, ичи ооруп, өтүп жана  кусуп ооруканага түшкөн.

Окуучулар менен бала бакчадагыларга йоддоштуруу программасынын алкагында аталган препаратты беришкен.

Бул окуя Наманган облусунун Чуст районунда болгон. Башка аймактардан мындай уулануу туурасында кабар түшкөн эмес. 

Ишти учурда прокуратура карап жатат. Өзбекстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги антиструминди  (Өзбекстандын өндүрүшүнөн чыккан) колдонууну тез арада токтотуу чечимин кабыл алды.

Калган чаралардын лабораториялык изилдөөлөр жүргүзүлгөндөн соң көрүлөрүн билдиришти. 

@user2

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button