Коом

Сокулукта үч жыл катары менен төрөп, балдарын сатып жүргөн келин кармалды

Сокулук районунда үч баласын сатып жиберген деп келин кармалганын Чүй облустук милициясы билдирди.

Маалыматка ылайык, укук коргоо органдарына шектүүнүн А.А. аттуу 28 жаштагы мурунку күйөөсү кайрылып, балдарын катып көрсөтпөй жаткан 22 жаштагы Д.Н. аттуу мурунку аялына карата чара көрүүнү өтүнгөн.

«Д.Н. 2021-жылы кыздуу болуп, аны Москва районунун тургунуна сатып жиберген. 2022-жылы 28-апрелде көз жарып, уулун 40 миң сомго саткан. 2023-жылы 16-мартта кыз төрөп, 100 миң сомго саткан», — деди милициядан.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон. Д.Н. кармалып, камакка алынганы айтылды. Балдардын кайда экени аныкталган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button