Коом
Баткен милициясы Мухамадиевди өлтүргөн кылмышкер 15 жылга соттолду

Баткен облустук милициясынын башчысынын орун басары Аскарали Мухамадиевдин өлүмүнө айыпталган жаранга карата Баткен райондук соту өкүм чыгарды. Бул туурасында Жогорку соттон билдиришти.
Кылмышка маркумдун жээни, мурда бир нече ирет соттолгон 35 жаштагы С.Н. күнөөлүү деп табылып, 15 жылга эркинен ажыратылды. Мындан сырткары, кылмышкер жабырлануучу тарапка 100 миң сом компенсация төлөп берүүгө милдеттендирилген.
С.Н. жазасын катаал режимдеги колонияда өткөрөт.

Белгилей кетсек, Баткен ОИИБдин начальнигинин орун басары Аскарали Мухамадиев 2022-жылы март айында киши колдуу болгон. Укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча, соттолуучу полковникти бычактаган.



