Коом

Парламентте ата-энесин карылар үйүнө таштап, аларга алимент төлөбөй койгон балдарды жазалоо сунушталды

Мындай мыйзам долбоорун Тазабек Икрамов иштеп чыккан, аны парламенттин тиешелүү комитети жактырды.  

Депутаттын айтымында, ата-эне эч убакта өз баласына алимент төлөп бер деп арыз жазбайт. Андыктан, аталган мыйзамда ата-эне карылар үйүнө келгенде мекеменин директору алимент өндүрүү үчүн сотко кайрылышы керектиги айтылат.  

“Ата-энесин таштап, мамлекеттик жумушта иштегендер бар. Мыйзамда мындай адамдарды мамлекеттик жумушка албоо каралган. Өзүнүн ата-энесине жакшылык кылбаган адам мамлекет үчүн жакшылык жасабайт”, —  деди Икрамов.  

@abal-kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button