Коом
Элдик Курултайдын делегаттарын Улан Ниязбеков кабыл алууда

Бишкек шаарында экинчи Элдик Курултай өз ишин баштады. Аталган Курултайга өлкөнүн бардык облустарынан, аймактардан жана Бишкек шаарынан келген делегаттар катышууда. Бүгун Элдик курултайга ички иштер министи Улан Ниязбеков дагы катышууда.
Министр курултайга катышкан делегаттарды кабыл алып, алардын кайрылууларын, арыздарын жана ыраазычылыктарын кабыл алууда.
Учурда жалпы жонунан ички иштер министрлгине 25 арыз, кайрылуу жана ыраазычылыктар келип түштү.

Министр баардык кайрылуу, арыздар жана маселелери боюнча тиешелүү кызматтарга тез арада чечүү боюнча тапшырмаларды берди. Белгилей кетсек, бул иш-чара 15-16-декабрь күндөрү өтөт.
Министр Элдик курултайдын делегаттарын эртең 16 декабрда да кабыл ала тургандыгын белгилейбиз.



