Коом
Кубанычбек Самаков Жогорку Кеңеште ант берип, ишине киришти

Бүгүн, 27-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланып келген Кубанычбек Самаков ант берди.
Борбордук шайлоо комиссиясы 24-сентябрда Кубанычбек Самаковду №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаты деп каттоо жөнүндө чечим кабыл алган. БШКдан билдиришкендей, Кубанычбек Самаковгобелгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белги тапшырылган.



