Коом

Опузалап акча алган жалган кызматкер жана анын интим кызматын көрсөткөн сойкукананын уюштуруучусу болгон шериги кармалды

ИИМдин Ички иликтөө кызматына Э.Ж. аттуу жаран арыз менен кайрылып, Бишкек шаарынын райондук башкармалыктарынын биринин милиция кызматкери катары өзүн тааныштырып, 35 000 сом өлчөмүндө акча талап кылган адамга карата чара көрүү жөнүндө суранган.


Аталан факт боюнча ИИМдин Тергөө кызматы Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинде (опузалап пара талап кылуу) каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш ишин козгоду.


Такталган маалыматка ылайык, Э.Ж. аттуу жаран Бишкек шаарындагы сауналардын бирине келгенде ал жерден кыздардын интим кызматын сунушташкан. Макул болгондо, бир кыз келип, кызматтын баасын сүйлөшүшкөн. Андан кийин кыз порошок түрүндө кандайдыр-бир затты сунуштап, аны колдонгондон кийин арыз ээси эйфорияга түшкөн.


Кийин кыз кызмат көрсөткөндүгү үчүн 35 000 сом талап кыла баштаган, ал эми арыз ээсинин анча акчасы жок болчу. Белгисиз аял келип, күрөө катары унаанын ачкычын жана арыз ээсинин документтерин алып калган.
Эртеси арыз ээсинин телефонуна бир жигит чалып, өзүн Бишкек шаарынын райондук башкармалыктарынын биринин милиция кызматкери деп тааныштырып, кыздардын кызматы үчүн деп 35 000 сом талап кыла баштаган.
Өзүн милиция кызматкери деп тааныштырган жигит күн сайын телефон чалып, акча талап кылып, коркутуп 5000 сом алып койгон.
2024-жылдын 10-июлунда Ички иликтөө кызматынын кызматкерлери ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзүлүп, Бишкек шаарынын аймагында талап кылынган акчанын бөлүгүн 20 000 сом өлчөмүндөгү акчаны алып жатканда 1996-жылы туулган Р.К. аттуу жаран кармалды. Жеке тинтүүдө шектүүдөн арыз ээсинин документтери алынган.
Кармалган жаран буга чейин бир нече жолу алдамчылык менен соттолгон, Ички иштер органдарына тиешеси жок болгон жаран болуп чыкты.
1996-жылы туулган Р.К. аттуу жаран Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 96-беренесинин тартибинде Бишкек шаарынын ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Жогорудагы факт боюнча ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек шаарындагы элиталык үйлөрүнүн бир батиринде 4 кыз интим кызматын көрсөткөн сойкукана табылды. Ал кыздардын бири жашы жете элек болуп чыкты.
Бул факт боюнча ИИМдин Тергөө кызматы Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренесинде (сойкулукка жана бузукулукка көмөктөшүү) каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.
Сойкукананын уюштуруучусу (сутенер) гр. 2004-жылы туулган М.М. Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 96-беренесинин тартибинде кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда мындай кылмыштардын колдоочуларын аныктоо боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
Аталган жарандын кылмыштуу аракеттеринен жабыр тарткандарга төмөнкү телефон номурлары аркылуу кайрылууңуздарды суранабыз: ишеним телефону 0312 486297, 0704999918.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button