Коом

Ысык-Көл милициясында кылмыш иликтөө кызматынын түзүлгөнүнө 105 жыл толуп, майрам белгиленди

5-октябрда Кыргыз Республикасынын ИИМ системасында кылмыш иликтөө кызматынын түзүлгөнүнө 105 жыл толот. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматынан билдирди.

Бул белгилүү датага байланыштуу, бүгүн Ысык-Көл ОИИБде салтанаттуу жыйын болуп, ага облустук милициянын башчысы Орунбай Кочкоров, ардагерлер кеңешинин төрагасы Жеңиш Келдибаев, кылмыш иликтөө кызматынын ардагерлери жана кызматкерлери, ошондой эле Ысык-Көл облусту боюнча өкүлчүлүгүнүн жана Каракол шаардык кеңешинин өкүлдөрү катышышты.

Чогулгандардын алдында сөз сүйлөгөн Ысык-Көл ОИИБдин башчысы Орунбай Кочкоров кылмыш иликтөөнүн 105 жылдыгы, Кыргыз милициясынын тарыхында олуттуу даталарынын бири экенин белгиледи. «Милдет жана ар – намыс — бул жөн гана сөз эмес, бул жашоонун принциби. Кылмыш иликтөө кызматында кокусунан келген адамдар иштебейт, анткени бул кызмат жан аябастык менен берилгендикти талап кылат. Кылмыш иликтөө кызматкерлеринин бир нече муундагы баатырдыгы, эрдиги, эмгеги, эр жүрөктүүлүгү, чечкиндүүлүгү мыйзамды коргоогон инсандардын образын жараткан», — деп белгиледи О. Кочкоров.

Андан соң кылмыш иликтөө кызматында айырмаланган кызматкерлерин жана ардагерлерин сыйлоо жөнүндө буйруктар окулуп, алар Кыргыз Республикасынын ИИМдин жана Ысык-Көл ОИИБдин ведомстволук сыйлыктары менен сыйланышты.

Ошондой эле, Ысык-Көл облусту боюнча өкүлчүлүгүнүн жана Каракол шаардык кеңешинин өкүлдөрү да өз сыйлыктарын тапшырышты.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button