КоомМаданият

Ош шаарынын 3023 жылдыгы жогорку деңгээлде өттү

Кечээ, 5-октябрда А.Сүйүнбаев атындагы стадиондо Ош шаарынын 3023 жылдыгы жогорку деңгээлде белгиленди. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, шаар күнүнө карата чет элдик ырчылардын катышуусунда чоң программадагы гала- концерт өттү.

Гала-концертке шаардык кеңешинин төрагасы Салман Назылбеков, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов катышып, жалпы келген конокторду жана шаар тургундарын Ош шаарынын күнү менен куттукташты.

Салтанаттуу иш-чаранын алкагында фейерверк атылып, кыргыз эстрада жылдыздары JAХ 02.14, Гүлзада Рыскулова, чет элдик ырчылар IN GRID, Хамдам Собиров, BAD BOYS BLUE, DJ BAKS 11 миңден ашуун көрүүчүлөргө жагымдуу маанай тартуулашты.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button