Тойго барган 24 киши тамакка ууланды

Окуя эки күн мурда Ысык-Көл районунун Чок-Тал айылында болгон.
Ысык-Көл район аралык ооруларды алдын алуу жана көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгери Алина Токтоназарованын айтымында, тургундардын бири үйүнө той берип, сырттан ашпозчуларды жалдаган.
Ошол эле 5-октябрь күнү тамакка уулангандар Чолпон-Ата райондук ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнө түшө баштаган.
Токтоназарованын айтымында, тамакка ууланган 24 кишинин тогузу 14 жашка чейинки балдар, калганы чоңдор. Учурда ооруканада 15 киши жатканын, абалы орто экенин билдиришти.



