Коом

ИИМ тарабынан милиция кызматкеринин кийимин кийген жарандын өздүгү такталууда

Буга чейин интернет тармагында жүргүнчү менен кайым айтышкан милиция кызматкеринин кийимин кийген жарандын видеосу тараган. Учурда бул факты боюнча ИИМдин тиешелүү кызматтары тарабынан териштирүү иш-чаралары жүргүзүлүп, аталган видеого тиешелүү жарандар такталууда.


Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги эскертет: укук коргоо органдарынын формасын мыйзамсыз кийген же укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин жасалма документтерин пайдаланган жарандарга Кыргыз Республикасынын Бузуулар жана Кылмыш-жаза кодексинин беренелерине ылайык катуу чаралар көрүлөт.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button