Коом

Базар-Коргондо дайынсыз болуп жаткан 18 жаштагы кыз алты күндөн кийин Бишкекте табылды

Базар-Коргондо дайынсыз болуп жаткан 18 жаштагы Айнуска Саматова Бишкектен табылды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

4-октябрь күнү милиция тарабынан Бешик-Жон айыл аймагынын тургуну 2005-жылы туулганСаматова Айнуска Болотбековна изделип жатканы жарыяланган. 10-октябрь күнү Базар-Коргон РИИБдин кызматкерлери 18 жаштагы кызды Бишкек шаарынан табышып, ата-энесине өткөрүп беришти.

Айнуска Саматова Бишкек шаарына өзүнүн жумуштары менен кетип калгандыгын, үй-бүлөсү менен эч кандай чыр-чатак болбогондугун билдирген.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button