Коом
Жети-Өгүздөгү мөңгүгө «Король Абдулазиз» деген аталыш берүү сунушталды

Максаты — Сауд Арабиянын негиздөөчүсү жана биринчи королу Абдулазиз бин Абдуррахман Аль Сауддун тарыхый ролун эске алуу менен элесин Кыргызстандын аймагында түбөлүккө калтыруу жана эки мамлекеттин кызматташтыгын бекемдөө.
Аны менен катар бийлик Сауд Арабия Кыргызстанга бир нече социалдык объектилерди курууга жана ири долбоорлорду ишке ашырууга жардам берип келе жатканын айтты.
Аталган мөңгүнүн узундугу 4,9 чакырым, аянты 5,9 чарчы чакырым, деңиз деңгээлинен 3 740 метр бийиктикте жайгашкан.



