Маданият
Азамат Абсаттаров: “Молдо Нияздын тарыхый мектеп-үңкүрү кооз жайга айланат”

“Молдо Нияз мурастары” коомдук фондунун өкүлү Азамат Абсаттаров Facebook социалдык тармактагы баракчасына “Кадамжайдын Кызыл-Булак айылындагы Молдо Нияздын үңкүр-мектеби ушундай кооз жайга айланат”, — деп жазды журналист Азамат Абсаттаров.

“Бүгүнкү күндө үңкүрдүн айланасын оңдоо, көрктөндүрүү иштери жүрүүдө. Долбоордо бардык шарттар каралган. 19-кылымда балдарды билимге, адепке тарбиялаган Молдо Нияздын тарыхый мектеп-үңкүрүн көрүп келсеңиздер болот.


Туристтерди тарткан, маданият, адабият, тарыхты камтыган Баткен облусундагы дагы бир кызыктуу жай болот. Аз калды…” – деди Абсаттаров.



