Коом

ИИМдин Атайын багыттагы полкунун ѳздүк курамы милициянын улук прапорщиги Саламат Касымбековнаны ардактуу эс алууга узатышты

Бүгүн, ИИМдин Атайын багыттагы полкунун ѳздүк курамы ички иштер органдарында 28 жылдан ашуун үзүрлүү кызмат ѳтѳгѳн, полктун медицина пунктунун милиционер-фельдшери милициянын улук прапорщиги Саламат Касымбековнаны ардактуу эс алууга узатышты.


“Атайын багыттагы полкунун кадыр-барктуу кызматкерлеринин катарында бир топ жылдардан бери мамлекетибиздин коомдук коопсуздугун бекемдөөдө жана кызматкерлердин ден соолуктарына кам көрүүдө өз милдеттериңизди мыкты деңгээлде аткарып, медициналык процедуралардын чебер аткаруучусу гана эмес, ошондой эле кызматкерлердин саламаттыгынын жүрөгү жана жан дүйнөсү болуп кызмат кылдыңыз. Сиз өзүңүздүн коопсуздугуңузду жана ден соолугуңузду тобокелге салып, кызматкерлерди дарылоодо баа жеткис жардам көрсөттүңүз. Бардык өздүк курамдын атынан сиздин талыкпаган эмгегиңиз үчүн терең ыраазычылык билдирем”,- деди ѳз сѳзүндѳ полктун командири милициянын полковниги Майрамбек Имангазиев.

Андан соң ардагер Кыргыз милициясынын ѳсүп ѳнүгүшүнѳ, мыйзамдуулуктун сакталышына, ѳсүп келе жаткан жаш муундарды тарбиялоодо кошкон салымы үчүн ИИМдин буйругу менен “Ардак” медалы менен сыйланды. Андан кийин өздүк курамдын атынан салтка айланган чапан, элечек кийгизип, белек тапшырды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кийинкини кара
Close
Back to top button