Коом

Көк бөрүчүлөргө 210 гектар жер алып, заманбап ат майдан курулат

Бул тууралуу Курманкул Зулушев билдирди.
“Мурунку жумада президентибиз мени чакырып тапшырма берди. Жаңы  ипподромдун долбоору чийилип бүттү, ал 20 миң орундуу болот. Анан аэропорт жактан 210 гектар жер сатып алып, заманбап ат майдан куруу боюнча бир-эки жумада өкмөттүн буйругу чыгат. Жаңы жылга чейин курулуш иштери башталып калса жакшы болот эле”, — деди Эл аралык Көк бөрү ассоциациясынын төрагасы. 

Ал жерде аттарды багып, оюнга машыгып, улакчылар жана жумушчулар жашай турган шарттар түзүлөт.  

Буга чейин Бишкектеги “Ак-Кула” ат майданы бузулуп, ордуна көп кабаттуу үй курулары айтылган. 

@abal-kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button