Коом
Депутат косметологиялык салондордун кооптуулугун айтты

Аида Исатбек кызы Студенттер бейтапканасынын директоруна таянып, жаштар арасында гепатиттин С түрү менен кургак учук кескин көбөйүп жатканын билдирди. Буга косметологиялык кабинеттер санитардык нормаларды сактабаганы себеп болууда.
“Лицензия албай, медициналык билими жоктор эле адамдын жүзүн өзгөртүүчү ар кандай операцияларды жасап жатат. Алар Кыргызстанда катталбаган препараттарды колдонушат. Фотошопто жасалган сүрөттөрдү көрсөтүп алдашат. Аягында жарандар ден соолугунан ажырап калууда”, — деди ал.
Депутаттын айтымында, мындай башаламандыкты дароо токтотууга Саламаттык сактоо министрлигинин укугу жок. Андыктан бул маселеге тийиштүү органдардын баарына көңүл бурууга тапшырма берүүнү төрагадан суранды.



