Коом
«Каркыра» көзөмөл өткөрүү жайы күн сайын саат 21:00гө чейин иштейт

Кыргыз-казак чек арасындагы «Каркыра» көзөмөл өткөрүү жайы 31-августка чейин күн сайын саат 08:00дөн 21:00гө чейин иштейт. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
Маалымдалгандай, мындай чечим жайкы туристтик сезондо жүргүнчүлөрдүн көбөйүшүнө байланыштуу, казак тарап менен биргелешкен кызматташуунун жыйынтыгында кабыл алынган.
Белгилей кетсек, «Каркыра» эл аралык көзөмөл өткөрүү пункту Ысык-Көл облусунун Түп районунда жайгашкан. Ал мамлекеттик чек ара аркылуу адамдарды жана транспорт каражаттарын өткөрүү үчүн кызмат көрсөтөт.
Аталган жай адатта 08:00дөн 18:00гө чейин иштейт.



