Коом

Кыргызстандан 450дөн ашуун чет элдик жаран чыгарылды

Миграция мыйзамдарын бузгандыгы үчүн Кыргызстанда 450дөн ашуун чет элдик жаран өлкөдөн чыгарылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, мындай чечимди борбор калаанын соттору кабыл алган.

Мындан тышкары, 7900дөн ашуун чет өлкөлүк жаран административдик жоопкерчиликке тартылып, аларга жалпысынан 65 миллион сом айып пул салынды. Ошондой эле 39 адам кылмыш жоопкерчилигине тартылган.

Чет элдик жарандарды Кыргызстанга ишке алып келген айрым ишке орноштуруу компаниялары да мыйзам талаптарын бузганы үчүн жоопкерчиликке тартылып, айыпка жыгылды.

Бишкек ШИИББ чет өлкөлүк жарандарды Кыргызстандын мыйзамдарын сактоого, улуттук маданиятын жана каада-салттарын урматтоого, ошондой эле коомдук жүрүм-турум эрежелерин так аткарууга чакырды.

Тектеш кабарлар

Back to top button