Коом

Өзгөндө мамлекеттик кызматкер пара алып кармалды

Ош облусунун Өзгөн районунун 1968-жылы туулган тургуну Н.У. арыз менен кайрылып, райондогу финансы кредиттик фонддун өкүлү А. аттуу кызматкер атасы алган ссуда боюнча маселе жаралып жатканын айтып, сотко өткөрүп жиберем деп коркутуп пара талап кылганын билдирген.
Иликтөө учурунда А. аттуу мамлекеттик кызматкер арыз ээсин коркутуп, 30 000 сом акча каражатын талап кылып жаткандыгы аныкталган.
Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын КЖКнын 343-беренеси менен кылмыш иши козголгон.


ИИМдин КИББдин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш чаралардын жүрүшүндө А. аттуу мамлекеттик кызматкердин өздүгү такталып, ал Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы финансы кредиттик фонддун Өзгөн районундагы жетектөөчү адиси болуп иштеген 1959-жылы туулган А.А. экендиги аныкталган.
2-июль күнү Ош облусунун Өзгөн шаарынын райондук мамлекеттик администрациясынын имаратында өзүнүн кызматтык бөлмөсүндө 30 000 сом өлчөмдөгү акча каражатын пара катары алып жаткан жеринен кармалган.
1959-жылы туулган А.А. шектүү катары кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди.
Учурда кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button