Коом

Нарында көмүрдүн баасына мониторинг жүргүзүлүүдө

Нарын шаарында көмүрдүн баасына мониторинг жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынан билдиришит.

Маалыматка ылайык, мониторингдин жыйынтыгында Кара-Кече көмүрүнүн 1 тоннасы 5000 сомдон, 1 кг 5,4 сомдон (капка салынган) сатылып жатканы аныкталды. Ал эми сатуучуларга көмүрдүн белгиленген максималдуу баасынан ашырбоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы социалдык маанидеги товарларга бааларды мамлекеттик жөнгө салуу тартибин, ошондой эле соода эрежелерин бузууларга жол берилген учурда КР мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлөрүн эскертет.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button