Коом
Соцтармактарда Финансы министрлигинен президенттик аппаратка жөнөтүлгөн ушундай кат тарап жатат

Анда бала бакчалардын тамак-ашына ата-энелер акча төлөшү керектиги жазылган. Катта 2023-жылдын 11-августунда кабыл алынган “Билим берүү жөнүндө” мыйзамдын жоболоруна шилтеме берилет.
Мыйзамдын 28-беренесинин аталган №6 пунктунда чындыгында мектепке чейинки билим берүү уюмдарында тамактануу ата-энелердин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) каражатынын эсебинен жүзөгө ашырылат деп көрсөтүлгөн.
Финансы министрлиги азырынча маалымат бере элек.




