Коом
Түркмөнстан Москвага аба каттамдарын толугу менен токтоткону айтылды

Түркмөнстан Москвага аба каттамдарын толугу менен токтоткону айтылды Бул тууралуу Turkmen.news. жазды.
Июль айынын акыркы күндөрү жана 1-августка караган түнү Москва Орусиянын Украинадагы бүткүл аскерий операцияларынын ичинен эң ири пилотсуз учак чабуулуна дуушар болгон. Натыйжада 1-августтан тарта түркмөн авиакомпаниясы “Москва аба зонасында абанын абалына байланыштуу, ошондой эле учуу коопсуздугун камсыз кылуу максатында тобокелдиктерди баалоонун негизинде” Москвага каттамдарын токтоткон. 5-августта Түркмөнстан 28-октябрга чейин каттамдарын токтотконун билдирген.
Эми жаңы графикте бир гана Ашхабад-Казань каттамдары камтылган. Ашхабат — Москва рейслери токтотулган.



