Коом

Палестина-Израиль чыр-чатагына байланыштуу ар кандай чагымчыл чакырыктарга азгырылбоого чакырат — УКМК

УКМКнын Басма сөз борбору  учурда  Кыргызстанда айрым адамдардын Израиль-Палестина чыр чатагына байланыштуу ар кандай чагымчыл чакырыктарына азгырылбоо тууралуу коомчулукка эскертүү берди.

“Урматтуу Кыргызстандын жарандары! Палестина-израилдик чыр-чатактын курчуган зонасында болуп жаткан окуялар эч кимди кайдыгер калтыра албайт. Согуштун, аткылоонун натыйжасында жарадар болгон жарандардын тагдыры баарыбызды тынчсыздандырууда.

Биздин өлкө көп сандаган курмандыктарга жана кыйроолорго алып келген израилдик-палестиналык кагылышуунун күчөшүнө тынчсыздануу менен байкоо салып жатат. Кыргызстан тараптарды тынчтыкка жетишүү, карапайым калкты коргоо жана Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды турукташтыруу үчүн мүмкүн болушунча тез арада согуштук аракеттерди токтотууга жана саясий-дипломатиялык диалогду баштоого расмий чакырат.”

Акыркы күндөрү өлкөбүздө адамдардын чын ыкластуу сезимдерин өз кызыкчылыгына пайдаланууга даяр ушундай инсандар бар экенине күбө болдук. Ушундай жол менен деструктивдүү күчтөр маалыматтык инъекциялар жана коомдук пикирди манипуляциялоо жолу менен кырдаалды солкулдатып, улуттар аралык жана конфессиялар аралык чыр-чатакты козутууга аракет кылып жатканын эскертебиз.

Ушуга байланыштуу Кыргызстандын жарандарын мындай чакырыктан  этият болушун суранабыз. Өлкөдөгү кырдаалды туруксуздаштырууга, ошондой эле өлкөнүн жарандарынын арасында шектенүүлөрдү жана агрессияны сепкенге кандайдыр бир жол менен аракет кылып жаткан айрым адамдардын ачыктан-ачык провокацияларына алдырбагыла! Түздөн-түз провокация жана зордук-зомбулукка чакырыктар болгон учурда бул тууралуу тез арада укук коргоо органдарына билдирүүңүздү суранабыз, — деп билдирди УКМКнын Басма сөз борборунан.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button