«Дааватка кеттим деген». Оштон Бишкекке кеткен Нурсултан Абдыраев майдан бери дайынсыз болуп жатат

Нурсултан Абдыраевдин апасы кайрылып, уулу май айынан бери дайынсыз болуп жатканын билдирген. Апасынын айтымында, уулу 12-май күнү дааватка барам деп, Оштон Бишкекке кеткен. Ошол эле түнү Сокулуктагы досунун үйүнө барып, 2 күн ошол жакта болгон. Досунун айтымында, жигит 14-май күнү таңга маал үйдөн чыгып кеткен. Ошол бойдон дайынсыз. Апасы мечиттерден да таппаганын билдирди.
Маалыматты редакцияга Ленин РИИБден тастыкташты. Жигиттин изделип жатканын билдиришти.
«22-майда Ош ШИИБге жаран кайрылып, 2001-жылы туулган уулу Нурсултан Абдыраевдин12-майдан бери дайынсыз болуп жатканын билдирген. Ал Ош шаарындагы Масалиев көчөсүндөгү үйүнөн чыккан бойдон кайтып барган эмес. Аталган факты каттоого алынып, издөө башталган«,- дешти.
Кимде-ким сүрөттөгү жигитти көргөн-билген болсо, 0( 312) 352-605, 0( 553) 102- 465, 0( 703) 501-600,0(553) 102-880, 0(502)250-815 номурларына кайрылсаңар болот.



